23-февралга карата аба ырайы

23-февралда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондордо кар жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -4…+1, Таласта 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +1…+6, Ысык-Көл облусунда -1…+4, Нарын чөлкөмүндө -2…-7 градусту көрсөтөт.
Бишкекте 0…-2, Ош шаарында +3…+5 градус жылуу болот.
Суук дагы канча кармалат? Бир жумага карата аба ырайы