Радио

Молдобаева: өрттөлгөн жүндөн абдан зыяндуу зат бөлүнүп чыгат

Жүндү кайра иштетүүчү компаниянын жетекчиси Бегимжан Молдобаева өлкөдө жүн иштетилбей өрттөлүп же ыргытылып жатканын белгиледи.
Sputnik
Жүндү өрттөгөндө пластиктен төрт эсе көп зыяндуу зат бөлүнүп чыгат. Бул тууралуу Бегимжан Молдобаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жүндү кайра иштетүү жолдорун караштыруу мезгил талабы болуп саналат.
"Өлкөдө жүндү иштетүү дээрлик колго алынган эмес. Себеби кылчык жүндөр кийиз жасоодо колдонулбайт. Ошондуктан көбүнчө жүн өрттөлүп же ыргытылып кетүүдө. Ал эми жүн өрттөлгөндө атмосферага пластиктен төрт эсе көп зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Ыргытылган жүндү мал жеп, өлүп калууда. Натыйжада фермерлер чыгымга учурайт. Биздин кийиз жасаган компаниянын калдыктары эле 9-10 тонна болуп кетиптир. Ошону утилдештирүү жолдорун караштырып жатып жүндү жер семирткич катары пайдалануу идеясы келди. Учурда жүндөн жер семирткич чыгаруучу заводдун имараты тургузулуп, жабдыктары сатып алынды. Жакында ишке киргизилет. Анын кубаттуулугу күнүнө бир тоннанын тегерегинде жүн иштетүүгө мүмкүндүк берет. Келечекте кубаттуу жабдыктарды алып келип, бул көрсөткүчтү жылына 5000ден 9000 тоннага чейин жүндү кайра иштетүү пландалууда", — Молдобаева.
Ошондой эле ал жүндү жер семирткич катары колдонуу менен химиялык жер семирткичтерди органикалыкка алмаштырууга жол ачыларын кошумчалады.