Министрлик: быйыл 35 жашка чейинки 3000 адам ишканаларда стажировкадан өтөт

Өлкө боюнча жаштарга кесип тандоодо жардамдашуу үчүн кесиптик багыт бере турган 9 борбор ачылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылы 35 жашка чейинки үч миң адам үчүн "жаштар стажировкаларын" уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымына таянып ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай чара эмгек рыногунда кесиптик лицейлердин, колледж, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн иш тажрыйбасы жок болгондугуна байланыштуу көрүлүүдө.
"Ушул жылы 35 жашка чейинки үч миң адам жеке менчигине карабастан ишканаларда стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Өлкө боюнча жаштарга кесип тандоодо жардамдашуу үчүн кесиптик багыт бере турган 9 борбор ачылды", — деди министр.
Маалым болгондой, Эмгек министрлиги аркылуу 2024-жылдын 1-январына карата 8 989 адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутулуп, 62 пайызы ишке орношкон.
Министрлик: ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү