Бажычы Замирбек Карашев мамлекетке 18,8 млн. сом төлөп абактан чыкты

Карашевди абактан бошотуу боюнча өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев абактан чыкты. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Карашевдин бөгөт чарасын өзгөрткөн.
"Бажы жетекчисинин мурдагы орун басары адамды мыйзамсыз эркинен ажыратууга көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Ал мамлекетке 18 миллион 895 миң сом төлөп, чыгымдын ордун толтурду. Карашев сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулган", — деди маалымат булагы.
Райондук сот бөгөт чара өзгөртүлгөнүн тастыктады. Карашевди абактан бошотуу боюнча өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирген.
Эске салсак, Замирбек Карашев кармалганы тууралуу өткөн жылдын 11-октябрында белгилүү болгон. Ал Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп 2019-жылдан 2021-жылга чейин иштеген. Соцтармак колдонуучулары аны "Бажыда коррупция жок" деген сөзү менен эстеп калышкан.
Elite House компаниясынын ээси Тимур Файзиев апрелге чейин абакта калтырылды