Спортчуларга витамин жана дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканы айтылды

Министр "Кыргыз фармация" ишканасына дары-дармекти тендер өткөрбөстөн жеткирүүчүлөрдөн дароо эле сатып алууга мүмкүндүк берген өкмөттүн буйругун даярдоону сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстанда спортчуларга витамин жана дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Ага ылайык, бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров менен кыз-келиндердин күрөш залына барып, Парижде боло турган жайкы Олимпиада оюндарына байланыштуу курама команданын алдыдагы мелдештерге даярдыгы менен таанышкан.
"Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департамент спортчуларга витамин жана дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканын белгиледи. Каржылоо өз деңгээлинде каралганы менен керектүү дары-дармектерди сатып алуу боюнча тендер арыз түшпөгөндүктөн өтпөй калган. Бул квалификациялык курамды даярдоодо олуттуу кыйынчылыктарды жаратып, спортчулардын олимпиадалык аренадагы ийгилигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.
Бейшеналиев витамин жана дары-дармекти сатып алууну каржылоо министрлик аркылуу жүрбөй турганын айтып, "Кыргыз фармация" мамлекеттик ишканасына дары-дармектерди тендер өткөрбөстөн жеткирүүчүлөрдөн дароо эле сатып алууга мүмкүндүк берген өкмөттүн буйругун даярдоону сунуштаган.
Радио
Азизбаев: Дене тарбия академиясы спорттук медицинага көңүл бурат