Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Каршылаштар качууга аргасыз болду. Шойгу Авдеевканы кантип алганын айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Каршылаштар Авдеевкадан качып чыгууга аргасыз болду. Бул турасында РФтин коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге билдирди.
“Биз каршылаштарды ал жактан качып чыгуудан башка айласы калбагандай абалга кептедик”, — деп айткан Шойгунун сөзүн РИА Новости жазды.
Ал Башкы штаб Авдеевканы алуу операциясы өтө аз сандагы жоготуулар менен жүргүзүлгөнүн белгиледи. Шаарды бошоткондон кийинки чабуул коюу аракеттери батыш тарапта уланат, 72 чарчы чакырым аянт бошотулду.
Ошондой эле Шойгу шаарды бошотуу операциясы Коргоо министрлигинин китептерине жазыларын кошумчалады.
Өз кезегинде Путин Авдеевканы бошотуудагы ийгилиги менен министрди куттуктап, мындай аракеттерди өнүктүрүү керектигин билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский аскеринин Авдеевкадан чыккан себебин түшүндүрдү. РФ ТИМи да үн катты