Жапаров Россиянын өкмөттүк делегациясын Кыргызстанга чакырды. Видео

Бүгүн Казанда “Келечек оюндары” башталып, ачылышына мамлекет башчылар катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Владимир Путин менен Казанда жолугуп жатканда Россиянын өкмөттүк делегациясын Кыргызстанда 2024-жылы өтчү Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чараларга катышууга чакырды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-россия мамилелерин тереңдетүүгө эки жак тең умтулганын ырасташты.
Путин менен жолугушуунун алдында “Казань экспо” көргөзмө борборунда Жапаровду оркестрдин аткаруусундагы эл арасына кеңири тараган “Кыргыз жери” ыры менен тосуп алышты.
Эске салсак, бүгүн Казанда “Келечектин оюндары” башталып, ачылышына мамлекет башчылар катышат.
Россиянын Казань шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды. Дарек, телефондору