Пресс-борбор

Өкмөт РКӨФ алдына долбоорлорду каржылоо жаатында жаңы тапшырма койду

Кредиттер доллар менен да, сом менен да бериле турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна (РКӨФ) 146 миллион доллардан кем эмес жаңы долбоорлорду каржылоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу РКӨФтүн башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
РКӨФтүн башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков
Ал былтыркы жылы фонд рекорд койгонун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга 160 миллион доллар берилгенин белгилеген. Бул ири көрсөткүч, ага чейин сумма жылына 63 миллион доллардан ашкан эмес.
"2024-жылга карата министрлер кабинети алдыбызга амбициялуу милдетти койду. Тагыраагы, фонд 146 миллион доллардан кем эмес акчага жаңы долбоорлорду каржылашы керек. Кредит доллар менен да, сом менен да берилмекчи", — деди Курманбеков.
Анын айтымында, планды ишке ашырса болот. РКӨФтө буга чейин бекитилген долбоорлордун пакети бар, ошондой эле арыздар да көп түшкөн.
РКӨФ региондорго көбүрөөк каражат бөлүүнү пландап жатат