БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) ГЭС куруу боюнча сегиз долбоорду каржылайт. Бул электр энергиясынын тартыштыгын 20 пайызга чейин кыскартмакчы. Ошондой эле энергетикалык долбоорлор иштелип жатат, аларды ишке ашыруу үчүн Россиядан инвесторлор тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу РКӨФтүн башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Ал 2024-жылы фонд энергиянын кайра жаралуу булактары чөйрөсүндө, биринчи кезекте гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду каржылоону уланта турганын белгиледи.
"РКӨФ гидроэлектр станциясы боюнча 8 долбоорду каржылоодо. Анын ичинде жетөө чакан ГЭС болсо, бири Нарын облусундагы кубаттуулугу 100 мегаваттка чейинки ири ГЭС. Эгер сегизи тең ишке ашырылса өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгы 20 пайызга чейин кыскармакчы", — деди Курманбеков.
Анын айтымында, бул долбоорлорго РКӨФ болжол менен 77 миллион доллар бөлөт.
"Мындан тышкары, беш долбоор иштелип жатат. Бул 5 электр станциясына 45 миллион доллар каражат суралган. Ошондой эле электр энергиясын күн, шамалдан ала турган тармактар боюнча да долбоорлор бар. Аларды ишке ашыруу үчүн сырттан, биринчи кезекте Россиядан ири инвесторлорду чакырабыз", — деген ал.