“Орус тилин өнүктүрүүгө көңүл бурганыңызга рахмат”. Путин Жапаров менен жолукту

РФ лидери эки өлкөнүн мамилелери бардык багытта мыкты өнүгүп жатканын белгиледи. Ал эми Жапаров Путин менен кайрадан жүз көрүшкөнүнө кубанып турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Казань шаарында президент Садыр Жапаров жолуккан Владимир Путин кыргыз бийлигинин орус тилинин өнүгүшүнө көңүл бурулуп жатканына ыраазылыгын билдирди. Бул туурасында Кремлдин сайтында кабарланды.
Путин Жапаровго Россия тараптын чакыруусун кабыл алып, “Келечек оюндарынын” ачылышына келгенин белгилеп, рахматын айткан.
“Кызыктуу болот деп ойлойм. Кандай болгон күндө да татыктуу өткөрүүгө аракет кылдык. Дүйнөнүн бардык жаштары спорттун бул түрлөрүн жакшы көрүшөт. Аларга бири-бири менен күч сынашканга мүмкүнчүлүк түзүп бергенибизге курсантпыз”, — деген ал.
Путин Кыргызстандагы орус тилинин өнүгүшүнө болгон мамилеге токтолгон.
“Бизде гуманитардык чөйрөдө баары прогрессивдүү өнүгүп жатат. Сиздердин орус тилинин өнүгүшүнө көңүл буруп жатканыңыздарга ыраазылык билдиребиз. Мектептерди сиз менен жакында эле ачтык. Былтыркы жылдын аяк ченинде — октябрда болгон сапарды жакшы эстейм, мекениңизде болдум. Меймандостугуңуз үчүн чоң рахмат”, — деген Путин.
Ал Россия негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири экендигин жана ошол позицияда кала берерин белгилеген. Түз инвестициялардын 35 пайызы да Россиядан Кыргызстандын экономикасына келгенин белгилеп, бул маселе боюнча да иштерди алып барышарын айткан.
Жапаров жолугушууда Путинге иш-чарага чакырганына ыраазылык билдирип, ага алдыдагы саясий өнөктүктө ийгилик каалаган.

“Алгачкы мультиспорттук “Келечектин оюндары” турниринин ачылышына чакырганыңыз үчүн ыраазымын. Бул уникалдуу иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө тилектешмин. Оюндар эл аралык деңгээлде кеңири таанылып, спорт сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк табат деп ишенем. Учурдан пайдаланып Сиздин алдыдагы шайлоо кампанияңызга ийгилик каалайм”, — деген Жапаров.

Эске салсак, бүгүн Казанда “Келечектин оюндары” башталып, ачылышына мамлекеттин башчысы да катышат.
Казанга барган Садыр Жапаровду Татарстандын башчысы тосуп алды