БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкекте Ленин райондук прокурордун улук жардамчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдиришти.
Маалым болгондой, Н. Б. Ж. Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча айыпталууда.
"Аны УКМК кызматкерлери кармаган. Кийин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин буйругу менен Б.Н.Ж. жумуштан кеткен", — деди ишенимдүү булактар.
Шектүү соттун чечими менен 19-мартка чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду.