Чет жердеги кыргызстандыктар үчүн консулдук кызмат көрсөткөн борборлор ачылат

Анда күнү-түнү иштеген колл-борборлор, жарандарды кабыл алган аянтчалар жана кызматтардын бардык спектрлери болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарга консулдук кызматтар сервистик борборлор аркылуу көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Пилоттук долбоор 1-марттан тарта ишке кирип, 2025-жылдын 1-мартына чейин созулат.
"Сервистик борборлор Кыргызстандын элчиликтери менен консулдуктары жок жерлерде жайгашат", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ мындай борборлорду ачууну Россия менен макулдашкан. Анда жети күн бою күнү-түнү иштеген колл-борборлор, жарандарды кабыл алган аянтчалар жана кызматтардын бардык спектрлери болмокчу.
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, бир миллиондон ашык жаран Кыргызстандын чегинен тышкары жүрөт.
Бишкекте БАЭнин элчилигин ачуу пландалууда