Кыргызпатенттин "40 райондон 40 демилге" долбооруна кабыл алуу башталды. Шарты

Мыкты делген инновациялык демилге 1 миллион сом, ал эми стартап 500 миң сомго чейин каржыланат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги "40 райондон 40 демилге" долбооруна катышуучуларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматы кабарлады.
Долбоорго жаңы инновациялык демилге же стартап жазган, бирок аны ишке ашырууга каражаты жетпей жаткан адамдар катышса болот.
"Кыргызпатент сиздин инновациялык долбооруңузду 1 миллион сомго чейин, ал эми стартабыңызды 500 миң сомго чейин каржылап берет", — деп айтылат маалыматта.
Шарт боюнча, экономикалык жана социалдык маанилүү, экологияга коопсуз, натыйжалуу жана ишке толук ашырыла турган идеялар тандалмакчы.
Тандоо үч этап менен өтүп, беш айга чейин созулат. Бардык каалоочулар арызын Кыргызпатентке 2024-жылдын 30-апрелине чейин бериши зарыл.
Суроолор боюнча 0555795918, 0703166036 номерлерине кайрылса болот.
Инфекциялык илимий борбордун РФ менен биргеликте ачылышы Кыргызстанга эмне берет?