Радио

Ибраева: бөйрөк алмаштыруу операциясы бекер, бирок изилдөөгө төлөнөт

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева бөйрөк алмаштыруу операциясы жаатындагы мыйзам долбоору толукталганын айтты.
Sputnik
Бөйрөк алмаштырууда экинчи жана үчүнчү даражадагы туугандарга да донор болуу мүмкүнчүлүгү берилди. Операция бекер болгону менен лабораториялык изилдөөнүн канча бир пайызын бейтап төлөйт. Бул тууралуу Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, гемодиализ алгандардын баарына эле бөйрөк алмаштыруу операциясы жасала бербейт.
"Бөйрөк алмаштыруу операциясынан кийин бейтаптын реабилитациясы да ошол ооруканада өтөт. Амбулатордук дарыланууга которулганда дары-дармектин баарын акысыз кылып берүүдөбүз. Анткени алар бул дарыларды өмүр бою ичишет. Буга чейин Кыргызстанда аталган операция боюнча мыйзамдын нормативдик базасы бар болчу. Анда биринчи даражадагы жакындары гана донор боло алат деп жазылган. Башкача айтканда, бир тууганы гана жарачу. Ал эми азыркы мыйзам боюнча экинчи, үчүнчү даражадагы туугандарына да мүмкүнчүлүк берилет. Анткени ден соолугунун айынан ата-энеси бөйрөгүн бере албаса, бир тууганы жок болсо, анда бейтаптын аталаш же энелеш бир туугандары, тайлары бере алат. Болгону изилдөөнүн жыйынтыгына дал келиши керек. Муну менен катар нотариалдык жактан да документтерин тууралоо зарыл. Себеби кийин талаш жаралып калышы ыктымал. Ушунун баары жаңы мыйзамда камтылды. Кант диабетинен улам бөйрөгү гемодиализге түшкөндөргө, жашы улгайып калгандарга операция жасалбайт. Анткени алардын жүрөгүндө же башка органында көйгөйлөр болуп калышы мүмкүн. Боору, жүрөгү жакшы, оор өнөкөт дарты жок бейтаптарга гана уруксат. Көбү бөйрөгүнө суук тийгизип алып гемодиализге жатып калат", — деди Ибраева.
Дарыгер атайын комиссия бейтаптын гемодиализге кандайча чалдыкканын, башка өнөкөт ооруларын, донорун изилдеп дарыгерлерге жөнөтөрүн кошумчалады.