Россиянын Казань шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды. Дарек, телефондору

Бул округда жашап-иштеп жүргөн мекендештер консулдук кызматтардын бардык түрүн алуу үчүн +7 906 111 34 11 телефонуна чалса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиянын Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылып, иш-чарага ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Муратбек Азымбакиев жана Татарстандын бийлик өкүлдөрү катышты.
1 / 2

Россиянын Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылып, иш-чарага ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Муратбек Азымбакиев жана Татарстандын бийлик өкүлдөрү катышты

2 / 2

Бул округда жашап-иштеп жүргөн мекендештер консулдук кызматтардын бардык түрүн алуу үчүн +7 906 111 34 11 телефонуна чалса болот

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Казань шаарына башкы консул болуп Эрик Бейшембиев дайындалган.
Консулдук округга Татарстан, Башкыртстан, Марий, Мордовия, Удмуртия, Чувашия республикалары жана Ульяновск облусу кирет. Бул округда жашап-иштеп жүргөн мекендештер консулдук кызматтардын бардык түрүн алуу үчүн +7 906 111 34 11 телефонуна чалып же kgconsulate.kazan@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу алса болот. Кыргызстандын өкүлчүлүгү Спартаковская көчөсү, 6 (Сувар Плаза) дарегинде жайгашкан. Жарандар күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09:00дөн 12:00гө чейин жана 13:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.
Чет жердеги кыргызстандыктар үчүн консулдук кызмат көрсөткөн борборлор ачылат