Жапаровдун, башка президенттердин “Келечектин оюндарындагы” куттуктоолору. Видео

Турнирдин ачылышына Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка мамлекеттердин лидерлери катышып, ар бири өз спортчуларына эне тилинде кайрылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиянын Казань шаарында тарыхта алгачкы ирет уюштурулуп жаткан “Келечектин оюндарынын” ачылыш аземи болду.
Ага Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка мамлекеттердин лидерлери катышып, ар бири өз спортчуларына эне тилинде кайрылды.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров күчтүүлөр жеңишин каалады.
“Спорт — дүйнөнүн элчиси, спорт – ден соолуктун булагы деп жөн жеринен айтылган эмес. Баарыңыздарга биринчи кезекте ынтымак, экинчи кезекте ден соолук каалайм. Спортто дайыма күчтүүлөр утат, андыктан күчтүүңөр жеңгиле, баарыңарга ийгилик каалайм”, — деди Жапаров.
Коңшу Казакстан мамлекетинин башчысы Касым-Жомарт Токаев кийинки оюнду Казакстанда өткөрүүнү сунуштаса, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеёв 2026-жылы Өзбекстан эстафетаны алууга даяр экенин белгиледи.
“Келечектин оюндары” — “фижитал” концепциясына негизделген спорттун, киберспорттун, илимдин жана технологиянын биргелешкен масштабдуу спорттук иш-чарасы. Кыргызстан “Келечектин оюндарына” үч жаатта: фижитал-жарыш, "Дота-2" жана спорттук программалоо боюнча катышып жатат. Турнир 3-мартка чейин уланмакчы. Анда дүйнөнүн ар кыл бурчунан келгендер таймашып, 30дай мамлекетте түз алып көрсөтүү болот. Жалпысынан Казанда 21 дисциплина боюнча турнир өтөт. Оюндарга ар кайсы өлкөлөрдөн 260тан ашык команда жана 2000 спортчу катышмакчы.
Жапаров Татарстандын башчысы менен жолугуп, "Дуслык" ордени менен сыйланды