Газадагы ​​атышууну токтотууну талап кылган резолюцияга АКШ бөгөт койду

Документ атышууну тезирээк токтотууну талап кылууда, аны бардык тараптар сакташы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Газа тилкесинде ​​атышууну тез арада токтотууну талап кылган резолюция долбоорун АКШ кайрадан блоктоп, бул жолу Вашингтон Алжир документине вето койгонун РИА Новостинин кабарчысы билдирген.
Резолюцияга Коопсуздук кеңештин 13 мүчөсү кол койсо, АКШ каршы болуп, Улуу Британия эле карманган.
Документ атышууну тезирээк токтотууну талап кылууда, аны бардык тараптар сакташы керек. Резолюцияда барымтадагылардын баарын токтоосуз же кандайдыр бир шарты жок эле бошотууну талап кылган пункт камтылган. Бул долбоор 2023-жылдын 7-октябрында Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал боюнча кабыл алынган 2712 жана 2720-резолюцияларын аткарууга да чакырган. Коопсуздук кеңешинин 2712-резолюциясында басым 2023-жылдын 15-ноябрындагы куралдуу кагылышууларда балдарды коргоого жасалса, ал эми 2720-резолюция Газа тилкесине гуманитардык жардамдын жеткирилишин көзөмөлдөө милдети менен кабыл алынган.
АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд Вашингтон Алжир долбоору боюнча добуш берүүнү колдобой турганын айткан. Анын айтымында, Ак үй Израиль менен ХАМАСтын ортосунда барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимге жетишүү үчүн иштеп жатат. Америка тарап Алжир резолюциясынын долбоору бул максаттарга жетүүгө түрткү берген жок деп эсептейт.
Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя кырдаал боюнча үн катып, резолюцияга бөгөт коюунун кесепеттери үчүн бардык жоопкерчилик Вашингтонго жүктөлөрүн белгилеген. Небензя америкалыктар Израилди коргоп, алардын Газа боюнча пландарын ишке ашырып бүтүп алуусу үчүн убакытты болушунча чоюп жатканын кошумчалаган.
Израилдин премьери: өлкө максатына жетмейинче Газадагы согушту токтотпойт