Баткендин тоолорунда дайынсыз болгон россиялык альпинист изделүүдө

Альпинистти ӨКМдин куткаруучулары менен россиялык альпинисттер издеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Баткендин тоолорунда дайынсыз болуп жаткан россиялык альпинист изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Евгений Глазунов акыркы жолу 16-февралда Лейлек капчыгайындагы Ак-Суу чокусунан байланышкан. ӨКМ издөө иштерине 20-февралда жети куткаруучу менен россиялык үч альпинист чыкканын билдирди.
Жыл башында дагы "Рацек" мөңгүсүнөн ары 3 800 бийиктикте россиялык альпинист калып калган. ӨКМдин куткаруучулары тик учак менен барып туристти алып кетишкен.
Кыргызстандык альпинисттер Африканын эң бийик чокусун багындырды. Видео