Спикер 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштады

Төрага мындай талап кайсы тилде окуткан мектептерге тиешелүү болорун тактаган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мектепте 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштады.
"Коңшу Казакстанда 1-4-класска чейин бир гана казак тилинде сабак өтөт. Башка тил жок. Биз ушундай кадамга барышыбыз керек. Баланын тили бала бакчада, башталгыч класста калыптанат", — деди Шакиев.
Мындан сырткары, ал "Мамлекеттик тил жөнүндө" кабыл алынган мыйзамдан кийин тилге болгон мамиле түп-тамырынан өзгөрүшү керектигин белгиледи. Андыктан билим берүү министрин мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн этап-этабы менен деп отурбай кескин, ыкчам чараларды кабыл алууга чакырды.
ЖК Бишкек менен Оштун депутаттарынын укуругун кыскарткан долбоорду четке какты