Радио

Токтогазиев: койдун жүнүн жер семирткич катары пайдаланууга мүмкүндүк бар

Мөмө өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев жүндү кайра иштетүүдөн пайда табуу жолу тууралуу айтып берди.
Sputnik
Койдун жүнүн жер семирткич катары пайдаланууга мүмкүндүк бар. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Германиянын илимий институту жүндөгү минералдардын курамын аныктаган.
"Жүндүн бир килограммында 100 грамм азот, 50 грамм калий, 18 грамм күкүрт жана 760 грамм органикалык зат болот. Азот өсүмдүктүн жашыл массасын калыптандырууга көмөк кылат. Калий болсо түшүмдүүлүккө таасирин тийгизет, мөмө байлаганга жардам берет. Ал эми күкүрт өсүмдүктүн ар кандай ооруга туруктуу болушуна шарт түзөт. 2018-жылы Европанын базарында жүндөн алынган жер семирткичтин эң төмөнкү баасы килограммына 10 евро болгон. Ал эми Германия Монголиядан дүң баада үч евродон сатып алат. Кыргызстанда сегиз миллиондон ашык кой бар экени айтылып жүрөт. Ар бир койдон эки килодон жүн алынса 16 миң тонна топтолот. Аны жогоруда айтылгандай үч евродон эле эсептегенде 48 миллион евро жылына өрттөлүп же ыргытылууда. Ал эми өлкөдө минералдык жер семирткич колдонулуп, ал сырттан алып келинет. Мына ошолорго жүн кайсы бир деңгээлде альтернатива болуп бере алышы ыктымал", — деди Токтогазиев.
Ал жүн жерди жумшартарын, органика катары пайдаланууга болорун кошумчалады.