УКМК ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду кармады

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Алдын ала айтылган боюнча, Кубатбеков менен кошо техникалык бөлүмдүн жетекчиси да колго түшүрүлгөн.
"Эки милиционер тең кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат. Аларга каршы атайын кызматка арыз жазылганы белгилүү болду. Тартип сакчылары УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деди маалымат булак.
ИИМ ири өлчөмдө баңгизат менен кармалган милиционердин видеосун жарыялады