Казанга барган Садыр Жапаровду Татарстандын башчысы тосуп алды

Өлкө башчы “Келечек оюндары” эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылышына катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Татарстанга барды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Татарстанга барды

2 / 4

Президенттин борту Казань шаарындагы Г. Тукай атындагы эл аралык аэропортко конгон. Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышкан

3 / 4

Эске салсак, Садыр Жапаров “Келечек оюндары” эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат

4 / 4

Ага чет мамлекеттердин бир катар башчылары, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлер, ири IT-компаниялардын жетекчилери да келери күтүлүүдө

Президенттин борту Казань шаарындагы Г. Тукай атындагы эл аралык аэропортко конгон. Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Эске салсак, Садыр Жапаров “Келечек оюндары” эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат. Ага чет мамлекеттердин бир катар башчылары, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлер, ири IT-компаниялардын жетекчилери да келери күтүлүүдө.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында мамлекет башчы Россиянын президенти Владимир Путин жана Рустам Минниханов менен жолугушат.
Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Коштогондордун тизмеси