БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз-Россия Славян университетинин ишинин шарттары жөнүндө эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.
Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский бул маселе боюнча доклад жасады. Ал студенттер сапаттуу билимди ыңгайлуу шартта алышы керектигин белгиледи.
КМШ иштери, Евразия интеграциясы жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин дагы доклад жасап, кесиптештерин эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөө максатында ратификацияны колдоп берүүгө чакырды.
Киргизилген жаңы эрежелердин айрымдары:
Университетти башкаруудагы жеке аткаруучу орган болуп университеттин ректору эсептелет, ал кызмат ордуна 5 жылга чейинки мөөнөткө дайындалат жана эки мөөнөттөн ашык иштей албайт. Жаш курагы 70тен ашпашы керек;
КРСУ мурда өткөрүп берилген кыймылсыз мүлктү колдонуу укугуна ээ. КРСУ окуу акысын жана жатакананын акысын өз алдынча аныктай алат;
Кыргызстан менен Россия КРСУ үчүн ремонт иштерин каржылоого, жаңы имараттарды курууга же сатып алууга укуктуу.
Келишимге былтыр октябрь айында кол коюлган. Буга чейин президент Садыр Жапаров аталган өкмөттөр аралык келишимди ратификациялоо жөнүндөгү келишимге кол койгон.