БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры чыгармачылык сапар менен Бишкек жана Ош шаарларын кыдырат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, артисттердин чыгармачыл туру 29-февралдан 4-мартка чейин уланмакчы.
"Аталган театр труппасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" спектаклин жана Султан Раевдин "Күн кармаган бала" спектаклин шаар тургундарына жана меймандарына тартуулайт. Программа боюнча, 29-февраль жана 1-март күндөрү спектаклдер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында, ал эми 3-4-март күндөрү Ош шаарында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында сунушталат", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик драма театр "Күн кармаган бала" спектакли менен 2023-жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөн ART ORDO -2023 IX эл аралык театр фестивалында жана 2023-жылдын октябрь айында Баку шаарында биринчи эл аралык театралдык фестивалда баш байгени жеңип алганын белгиледи. Ал эми "Ак кеме" спектакли 2023-жылдын декабрь айында Бишкектеги "Айтматов жана театр" VI эл аралык театр фестивалында баш байгенин бирине (кичи спектакль) ээ болгону кошумчаланды. Спектаклдер күнүнө эки жолу коюлат.