Нурсултан Кеңешбеков жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу 1,5 жана 3 чакырым аралыкка чуркоодо мыктылыгын көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Нурсултан Кеңешбеков имарат ичиндеги жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы билдирди.
1 / 2

Мелдештин акыркы күнү Кеңешбеков үч чакырым аралыкты 8 мүнөт 8 секундада чуркап өтүп алтын тагынды. Ага чейин 1,5 чакырымдык дистанцияда мыкты болгон.

2 / 2

Буга чейин күмүш медаль алган дагы бир спортчу Айнуска Калил кызы 3 чакырымдык жарышта коло байгени багындырган (9.27)

Мелдештин акыркы күнү Кеңешбеков үч чакырым аралыкты 8 мүнөт 8 секундада чуркап өтүп алтын тагынды. Ага чейин 1,5 чакырымдык дистанцияда мыкты болгон.
Буга чейин күмүш медаль алган дагы бир спортчу Айнуска Калил кызы 3 чакырымдык жарышта коло байгени багындырган (9.27).
Иранда өткөн Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан беш спортчу барган.
Казандагы "Келечек оюндарына" кыргызстандыктар 3 дисциплина боюнча чыгат