Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: Британия Украинаны тажрыйба жасаган полигон катары колдонууда

Адис Донбасстын атайын операция жүрүп жаткан аймагында британиялык Banshee Jet-80 пилотсуз учуучу аппараты кармалганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев.— Sputnik. Улуу Британия Украинадагы чатакты өздөрү иштеп чыккан согуштук жаңы нерселерди, тагыраагы, камикадзе-дрондорун сынап көрүү үчүн колдонуп жатат. Бул туурасында "Беспилотная авиация" журналынын башкы редактору Денис Федутинов айтканын РИА Новости жазды.
Ал Донбасстын атайын операция жүрүп жаткан аймагында британиялык Banshee Jet-80 пилотсуз учуучу аппараты кармалганын айткан. Бул техниканы жасоо өткөн кылымдын 80-жылдарында башталган, дрондор түркүмүнө кирет.
"Британиялыктарга келсек, алар бул контекстте айтылган АКШ, Франция жана Германия сыяктуу жамааттык Батыштагы өнөктөштөрү сыяктуу эле Украинадагы жаңжалды өздөрүнүн геосаясий максатына жетүү үчүн эле эмес, иштеп чыккан согуштук жаңы техникаларын сыноо үчүн да пайдаланып жатышат", — деген Федутинов.
Ал Banshee Jet-80 тибиндеги алгачкы дрондор "аба-аба", "жер-аба" классындагы куралдарды сыноодо аба бутасы катары түзүлгөн. Мындан сырткары, зениттик-ракеталык комплекстердин операторлору менен учкучтарын машыктыруу максатында да пайдаланылган. Кийинки моделдери чалгын иштерин аткаруу үчүн колдонулуп келсе, андан соң камикадзе-дронго айланган.
"Атайын операция жүрүп жаткан аймактарга жакын жерлерде Banshee түркүмүндөгү пилотсуз аппараттар табылганын белгилеп кетүү керек. Мисалы, өткөн жылы мындай техникаларды биздин аскерлер Кара деңиздин суусунан кармашкан. Азыркы табылгандын айырмасы — бортунда бириктирилген согуштук бөлүгү бар. Ошондо учурда кеп камикадзе-дрон туурасында жүрүп жатат",— деген Федутинов.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Камикадзе-дрондон буйтап кеткен аскердин видеосу