Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуттук онкология жана гематология борборунун гематология бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку категориядагы дарыгер, гематолог Ормон Жакыпбаев болду. Биз аз кандуулук жана анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу баарлаштык.
— Өлкөдөгү аз кандуулуктун деңгээлине токтолуп кетсеңиз?
— Буга чейин өлкөдө балдардын 47 пайызы аз кандуулук менен жабыркаары маалым болгон. Чоңдордун статистикасы бир аз башкачараак. Канда темирдин жетишсиздиги 38 оорунун башаты болот. Бул оору менен репродуктивдүү курактагы аялдар жана алардан төрөлгөн балдар жабыркайт. Анемия менен жабыркаган чоң кишилерде темирдин аздыгы 80 пайыз, ал эми жаш балдарда 90 пайызды көрсөтөт. Мындан гемоглобин белогунун пайда болушу бузулуп, ал организмге терс таасирин тийгизет. Анемиянын калган түрлөрү жалпы 20 пайыздын тегерегин түзөт. Аз кандуулук — бул эритроциттердин санынын нормадан төмөн түшүп кетиши, башкы себеби — организмдеги темирдин жетишсиздиги. Тактап айтканда, организмде темир жетишсиз болсо эритроциттер керектүү көлөмдө гемоглобин бөлүп чыгара албай калат. Бул — аталган илдеттин дүйнөдө эң кеңири тараган түрү.
— Жаш балдардын аз кандуулукка чалдыгышынын себебин түшүндүрүп берсеңиз?
— Анемия репродуктивдүү курактагы аял кишинин айыз циклинин бузулушу менен (кандын көп кетиши — Жакыпбаев) түшүндүрүлөт. Бойго бүтүрүүдө аралыкты толук сактабагандан да келип чыгат. Айыз маалында кан менен кошо темирдин көп кетиши да себеп болот. Негизи ар бир адам организмден күнүнө бир миллиграммга чейин темир жоготот. Бирок жеген тамак-аш аркылуу ал толукталып турат. Эгер аялдан ай сайын 40 миллиграммдан ашык темир кетип турса көп узабай анемияга кабылат. Бала түйүлдүк кезинде эненин организминен болжол менен 300-400 миллиграммга чейин темир алышы керек. Жетиштүү витамин албаса анемия болуп же түшүп калышы мүмкүн.
Улуттук онкология жана гематология борборунун гематология бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку категориядагы дарыгер, гематолог Ормон Жакыпбаев
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Гемоглобиндин нормасы канча болушу зарыл?
— Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсү менен аялдардын гемоглобини 120дан 160ка чейин болушу шарт. Ал эми 110дон ылдый аз болуп эсептелинет. Эгер төрөткө жакын ферритин азайып кетсе гемоглобин тез эле түшүп кетет да, кыйынчылыктар жаралат. Себеби төрөгөндө кан көп кетип калат.
— Адам аз кандуулукка да көнүп, 60-70 менен деле жүрө берет экен...
— Азыр ар бир экинчи аялдын организминде керектүү витаминдер жетишсиз. Анемия В12 витамини жана фолий кычкылы жетиштүү көлөмдө болбогон учурда да пайда болот. Организмде фолий кычкылы жетишпесе бала аномалиялык кемчиликтер менен төрөлүшү ыктымал. Ал эми тобокел тобуна киргендердин организминде темир минералынын көлөмү азаят. Бирок биринчи стадияда ал эч кандай белги бербейт. Экинчи стадияга өткөндө гана темир жетишсиздигинин латенттүү түрү билинет. Жаш балдарда мунун белгилери көп. Бөбөк ачуу тамактарды, бор, кагаз, кургак чай, туз жегиси келип калат. Ошол эле учурда адам көп чыдай бербеген боёктун, акиташтын, бензиндин жытын эңсейт. Анан да бөйрөк оорулары, артрит, кургак жөтөл да аз кандуулуктун себеби болушу ыктымал. Балада аз кандуулуктун пайда болушунун себептери ар кандай. Түрдүү оорулардан улам кандын токтобой агышы, тери оорулары, метаболизмдин бузулушу жана темирди сиңирүү жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү, туура эмес тамактануу да аз кандуулукка алып келет.
Төрөт учурунда алгачкы 24 саат эң кооптуу. Анткени түйүлдүк балага айлангыча жатын баштапкы формасынан 20 эсе чоңоёт. Темир жетишсиздигинен жатындын жыйрылуусу жайлап калат да, кан кете баштайт. Энелердин өлүмүнүн эң көп учуру ушуга байланышкан. Айрым учурда аялдын өмүрүн сактап калуу үчүн жатынын алууга туура келет.
— Аз кандуулукту кантип алдын алууга болот?
— Буга стратегиялык пландар болушу шарт. Аз кандуулуктун белгилеринин бири — тамакты жутуу процесси кызыл өңгөчтө жайлап калат. Анткени темир азайганда кызыл өңгөчтүн ички чел кабыгы жукарып кетет. Мындай белгилер менен кайрылган бейтаптын канын текшерип, гемоглобини, эритроцити нормада болсо эле "баары жакшы" деп кетирип жиберген болбойт. Бул — латенттүү эмес темир жетишсиздигинин биринчи баскычы. Бейтапка темирди ордуна келтире турган препараттар сунушталат. Темир жетишсиздигинен жаралган аз кандуулук — толугу менен айыга турган оору.
— Тамак-аштын ролу канчалык?
— Туура тамактануу жолу менен аз кандуулуктун алдын алууга болот, бирок дарылоо мүмкүн эмес. Жашылча-жемиш (алма, анар) үч валенттүү темирди канга сиңирүүчү касиетке ээ. Бизде чай ичүү маданияты калыптанып калган. Бирок темирдин жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулук менен жабыркагандар чайды туура ичүүгө милдеттүү. Тамактангандан кийин 1,5 саат чайдын кайсы түрү болбосун ичпеш керек. Бул сүт азыктары, кофе, какао, газдалган суусундуктарга да тиешелүү. Кээ бирлер туура эмес түшүнүп алат да, такыр чай ичпей кыйналып жүрө берет. Негизи 1,5 сааттан кийин баарын ичүүгө болот. Анемияга чалдыккандар тамакты компот, минералдык же кайнатылган суу менен ичет.
— Темирди капсула же таблетка катары ичип, анан инъекция түрүндө сайдырышат экен. Кайсынысы туура?
— Биринчи этапта гемоглобин калыбына келтирилип, дарылар капсула же таблетка түрүндө 120дан 200 миллиграммга чейинки суткалык дозада берилет. Арадан үч ай өтүп, убактылуу айыгат. Бирок дарылоону токтотпой экинчи этапка өтүп, организмде темирдин курамын толуктоо кажет. Анда күнүнө адам 60тан 100 дозага чейин ичет. Себебине жараша бир айдан үч айга чейин убакыт кетет.
Темир жоон ичегиде канга сиңет. Организмдеги темир сиңирүүчү органдар жабыркаганда гана укол сайылат.
Балдардагы аз кандуулукту дарылоо үчүн биринчи кезекте ооруну пайда кылган фактор аныкталат. Кан анализинин жардамы менен аз кандуулуктун жалпы абалы жана түрү билинет. Ымыркайларга сироптор жана тамчылар колдонулат. Дарылоо учурунда жана андан кийин үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, баланын жалпы абалын көзөмөлдөп туруу керек.