Казандагы "Келечек оюндарына" кыргызстандыктар 3 дисциплина боюнча чыгат

Иш-чаранын расмий аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Казанда өтө турган "Келечек оюндарына" Кыргызстандын атынан кимдер бара турганын кабарлады.
КР командалары үч дисциплина (фиджитал-жарыш, "Дота-2" жана спорттук программалоо) боюнча ат салышат. Фиджитал-жарышка Улукбек Байзаков чыгат.
"Дота-2" киберспорттук оюну боюнча команданын курамына кыргызстандык Аманбек Юнусали уулу, россиялык Дмитрий Никулин менен Артур Коцоев, беларустук Владислав Васько жана казакстандык Данил Алибай кирди.
Ал эми спорттук программалоого кыргызстандык Арсен Касымов менен Мирбек Касымов катышат.
Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-21-февралда Россияга жасачу иш сапарынын алкагында Казань шаарында өтө турган "Келечек оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат. Иш-чарада 21 өзгөчө инновациялык дисциплина боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын, 2000ге жакын спортчунун жана компьютердик (кибер) спортчулардын катышуусунда фиджитал-спорт, компьютердик (e-sports) мелдештер топтому өткөрүлөт. Ага президенттердин, эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компанияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.
Кыргызстандын DOTA 2 боюнча командасы чемпионатка чыкты