Байтик айылынан ары тоону бойлой 14 чакырымдык веложол курулат

Долбоордо унаа жана велосипед токтотуучу жайлар да каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабындагы тоолорду бойлой 14 чакырымдык веложол курулат. Ал Байтик айылынан Кашка-Суудагы Baytik mountain resort курортуна чейин созуларын Туризмди колдоо фонду билдирди.
Маалыматта веложол жанаша түшө турган азыркы автожолдун алты чакырымына асфальт төшөлөрү айтылды. Ортосундагы Ала-Арча дарыясына эки көпүрө салынат, анын бири мурдагы көпүрөнүн ордуна курулса, экинчиси жаңы жерде болот. Веложол бул көпүрөлөр аркылуу да өтөт.
"Долбоордо унаа жана велосипед токтотуучу жайлар да каралган. Аны "Кыргыз жолтранс долбоорлоо" институту иштеп чыкты. Баары макулдашылган, курулуш иштери ушул жазда башталат", — деп айтышты фонддон.
Ташиев: Орок айылындагы стадиондун курулушу 10-15 күндө башталат