БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Түркия визасыз режим менен өлкөгө киргендерге, анын ичинде кыргызстандыктарга дагы мыйзамды өзгөртүүдө.
Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаевдин айтымында, маселе визасыз режимде каралган 90 күн аяктаган соң Түркияда калып калган кыргызстандыктарда болууда.
“Мурун 90 күндөн кийин иш таап, ошол жерден билим берүү, иш же медицина визасы деп узартканга мүмкүн болчу. Азыр андай мүмкүнчүлүк жок. Туристтик виза бүтөрү менен, тагыраагы, 90 күндөн кийин чыгып кетиш керек. Андан соң ошол жактагы компания ишке чакырса Кыргызстандагы элчиликтен иштөө визасын алса болот”, — деди түшүндүрдү элчи.
Казакбаев түркиялык кесиптеши менен кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди 3 айдан 6 айга чейин узартуу маселесин карап жатканын кошумчалады.