Ташиев: футболдук командага оюнчуларды тандоонун жаңы системасын түзүү керек

КФСтин жаңы жетекчисинин айтымында, ата мекендик команда Азияны жеңип, дүйнө чемпионаттарына катышышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын улуттук курама командасына оюнчуларды тандоонун жаңы системасын түзүүнү пландап жатат.
Анын айтымында, мыкты футболчулар четте калбашы керек.
"Биз футболчуларды жакшылап даярдашыбыз керек. Ар бир футболчу өзүнүн жана биздин убакытты албастан, моралдык, психологиялык жана физикалык жактан даяр болушу керек", — деди Ташиев КФСтин жетекчиси болуп шайлангандан кийин.
Ал Кыргызстандын командасы Азияны жеңип, дүйнө чемпионаттарына катышышы керектигин белгиледи.
"Силер күлөсүңөр, бирок биз ага жетебиз", — деди Ташиев.
Ташиев жакында башкы машыктыруучу Штефан Таркович менен жолугуп кырдаалды талкуулай турганын да айтты. Ал машыктыруучуну тез-тез алмаштыра бербей, алгач шарт түзүү зарыл деп эсептейт.
Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун башчысы болуп шайланды