БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Кабыл алынган мыйзам кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган. Ошондой эле заманбап санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү жана пайдалануу укугун карайт", — деп жазылат маалыматта.
Президент кол койгон документке ылайык, электрондук жана башка техникалык көзөмөлдөө каражаттарын (электрондук билерик) пайдалануу аркылуу шектүүлөр аралыктан көзөмөлдөнүп турмакчы. Мындан тышкары, тараптардын процесстик чыгымдарын кыскартуу, жакындары жана туугандарынын соттук отурум өтө турган жерге баруусуна, аларды жайгаштырууга кеткен чыгымдарына байланыштуу кошумча чыгымдарды жоюу, коопсуздукту камсыз кылуу максатында процесстерге аралыктан (видеоконференция аркылуу) катышуусу камсыз кылынары жазылган.
Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти соттолуучуларга тагылуучу электрондук билерик сатып алууга конкурс жарыялаган.