Ташиев: Орок айылындагы стадиондун курулушу 10-15 күндө башталат

Арена 40 миң кишиге ылайыкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Орок айылындагы (Бишкектин четинде) стадиондун курулушу 10-15 күндө башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
Курулушту көзөмөлгө алууну мамлекет башчы Садыр Жапаров тапшырып, капсула былтыр жайында салынган.
Ташиев журналисттерге стадион эки жылда курулуп бүтөрүн, долбоор көзөмөлүндө экенин айткан.
Арена 40 миң кишиге ылайыкташкан. Мындан сырткары, быйыл Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион дагы оңдоло тургандыгы белгиленди.
Ташиев: футболдук командага оюнчуларды тандоонун жаңы системасын түзүү керек