Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ министрлиги: НАТОчулар жалданмалардын атын жамынып Украина үчүн согушууда

РФтин Башкы штабынан альянстын офицерлери Украина Куралдуу күчтөрүнүн согуштук операцияларын "түздөн-түз" даярдап жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. НАТОнун аскерлери жалданмалардын атын жамынып Украина тарапта согушуп жатат. Бул туурасында Россия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы ыкчам башкармалыгынын жетекчиси, генерал-полковник Сергей Рудскойдун айтканын РИА Новости жазды.
"НАТО аскерлери согушка жалданмалардын атын жамынып алып катышууда. Алар абадан кол салууга каршы ыкчам-тактикалык жана залп менен аткан ракеталык системалардын комплекстерин башкарып, камалоочу отряддардын курамына кирет", — деп айтып берген Рудской.
Анын маалыматына караганда, НАТО офицерлери Украина Куралдуу күчтөрүнүн согуштук операцияларын даярдоо иштерин "түздөн-түз" аткарып жатат.
Буга чейин Россия лидери Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков жалданган көп аскерлер согушка Украина тарапта туруп катышып жүргөнүн, маалыматтар улам тасыкталып жатканын айткан эле. 2023-жылдын декабрында РФ коргоо министри Сергей Шойгу Куралдуу күчтөр атайын операция башталган мезгилден бери 5,8 миңге чукул чет элдик жалданма аскер жок кылынганын, Украина аймагында өтө мыкаачылыкты жасаган аскердик 103 кылмышкердин көзү тазалангандыгын билдирген.
Аталган ведомстводон мобилизация планы ишке ашпай жана украиналык күчтөр көп жоготууга учурагандыктан Киев жалданма аскерлерди тартууга басым жасаганын билдиришти. ЦРУнун жардамы менен АКШ, Канададан жалдап келип жаткандыктары айтылды. Мындай жол менен Азиядан, Латын Америкасынан, Сириянын америкалыктар көзөмөлдөгөн райондорун кошкондо Жакынкы Чыгыштан да тартышууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага келген. Жок кылынган чет элдик жалданма согушкерлердин видеосу