КФС жетекчиси Ташиев FIFA өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз футбол союзунда бүгүн кезексиз курултай өтүп, анда Камчыбек Ташиев союздун башчысы болуп шайланды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргыз футбол союзунун жаңы жетекчиси Камчыбек Ташиев FIFA өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу КФСтин маалымат кызматы билдирди.
Аймактык ассоциацияларды өнүктүрүү боюнча менеджер Андрей Вашкевич жана Эл аралык футбол федерациясынын башкаруу кызматынын улук менеджери Ахмед Харраз бүгүн КФСтин башчысын шайлоого байкоо салышкан.
“Тараптар өлкөдөгү футболду өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулады. Ташиев менен КФСтин вице-президенти Нурдин Букуев FIFAга ыраазычылыгын билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.
Ташиев: Орок айылындагы стадиондун курулушу 10-15 күндө башталат