Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун башчысы болуп шайланды

Курултайдын бардык делегаттары Ташиевди бир добуштан колдоду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргыз футбол союзунда кезексиз курултай өтүп, анда Камчыбек Ташиев союздун башчысы болуп шайланды.
Ал бул кызматка жалгыз талапкер болгон. Бирикменин кезексиз курултайынын бардык делегаттары Ташиевди бир добуштан колдоду.
Буга чейин президент Садыр Жапаров УКМКнын башчысына Футбол союзун катуу көзөмөлгө алууну сунуштаганын билдирген.
Кыргыз футбол союзу VAR системасын киргизүүнү көздөп жатат