Жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында Айнуска Калил кызы күмүш утту

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык Айнуска Калил кызы имарат ичиндеги жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынан кабарлашты.
Тегеранда (Иран) өтүп жаткан мелдеште Айнуска Калил кызы 1500 метр аралыкты 4 мүнөт 35,29 секундада чуркап өтүп, 2-орунду ээлеген.
Маалым болгондой, аталган турнирге Кыргызстандан беш спортчу барган. Буга чейин ушундай эле дистанцияда чуркаган Нурсултан Кеңешбеков алтын медаль алган.
Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт