БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө 472 миллион 357,2 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын маалымат кызматы кабарлады.
Кеп 2021-2022-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы тууралуу болууда. Анда бир катар каржылык тартип бузуулар аныкталган. Алар:
каражатты жумшоодогу бузуулар жана кем чыгуулар — 60 147,1 миң сом;
бюджеттин кошуп эсептелген кирешелери — 943,8 миң сом;
Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери — 760 миң сом;
бюджеттин чыгымдар бөлүгү жана башка төлөмдөр боюнча жоготуулары — 76 019,5 миң сом;
туура эмес пайдаланылган каражат — 289 485,6 миң сом;
эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу — 45 001,2 миң сом.
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана жер семирткичтеринин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган 214 397,9 миң сомду жоготуу боюнча маалыматтар укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөнү кошумчаланды.