Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Орбан ЕБдин Украина боюнча стратегиясы оңунан чыкпаганын айтты

Венгрия премьери өлкөдөн Украинага курал-жарак жеткирилбей турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Евробиримдиктин Украина боюнча стратегиясы абал жаман болуп жаткан согуш талаасында гана эмес, саясатта да ийгиликсиз болду. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Евробиримдиктин Украина боюнча стратегиясы оңунан чыккан жок. Мындай ийгиликсиздик согуш талаасында гана эмес, эл аралык саясий аренада да болду. Биз “бул согуш – боордош эки славян элинин ортосундагы кагылыш” деп айтканыбыз менен Брюссель жаңжалга дээрлик аралашып калды", - деген Орбан.
Ал Венгриянын позициясы өзгөрүүсүз каларын дагы бир ирет кайталаган. Айтымында, айрым бир ири өлкөлөргө жакпаса дагы, Венгрия эми конфликтини создуктурууну колдоого жол бере албайт жана Украинага курал-жарак жеткирбейт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орбан Евробиримдик Россия алдында алсыз экенин айтты