Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путинге Авдеевка толук көзөмөлгө алынганы боюнча отчёт берилди

Украина аскерлери шаардан чегинүү боюнча буйрук келгенге чейин эле туш-тарапка кача башташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге Авдеевка толугу менен россиялык аскерлердин көзөмөлүнө алынганы боюнча отчёт берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
РФ Коргоо министрлиги Авдеевканы бошотуу фронттук чекти Донецкиден ыраактатууну шарттаганын жана аны террордук соккулардан коопсуздандырарын билдирген. Жалпысынан 31,75 чарчы чакырым аянт бошотулган. Авдеевкада Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кубаттуу коргонуу борбору болгон.
Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Украина аскерлери өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Александр Сырскийдин буйругуна чейин бир күн мурун эле чегинип, кача башташканын билдирген.
"Сырскийдин шаардан чегинүү боюнча буйругу украиналык аскерлер Авдеевкадан кача баштагандан бир күндөн кийин гана чыкты", — деген ал.
Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский чечим аскерлердин өмүрүн сактап калуу үчүн кабыл алынганын айтып, аскерлеринин Авдеевкадан чегинишин Батыш тараптан жетиштүү жардам болбогону, курал-жарактын, өзгөчө артиллериялык ок-дары менен алыска атылуучу снаряддардын жетишсиздиги менен байланыштырган.
Авдеевка — Донецкинин түндүгүндөгү шаар, мында атайын операция башталгандан тартып кармаш жүргөн. Украинанын куралдуу күчтөрү аталган аймактан ДЭР борборун жана башка калк жашаган пунктуларды улам-улам аткылап келишкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Авдеев, Купянск... Эксперт кармаштын катуу жүргөн жерлери боюнча айтып берди