Нурсултан Кеңешбеков жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону болду. Видео

Кыргызстандык спортчу 1 500 метр аралыкка чуркоодо биринчи келди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандык Нурсултан Кеңешбеков имарат ичиндеги жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Мелдеш Тегерандагы (Иран) "Афтаб Энгелаб" спорттук комплексинде өтүп жатат. Ата мекендик спортчу финишке биринчи болуп келди (1500 метрлик аралык). Анын жыйынтыгы — 3 мүнөт 49,1 секунд.
Комадан фитнес-машыктыруучулукка чейинки жол. Эрбол Жээнтаевдин видеосу