Дарыя агып келатканда кызыл түстөгү тоо тектерди аралап агып, алар сууга тез эрип, суу кызыл түскө айланат. Бул тек "жошо" деп аталат. Кызыл-Суу аталышын алып жүргөн бардык жерлердин топурагынын курамында жошо кеңири кездешет. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жошо бар жерди окумуштуулар качандыр бир кезде темир кени болгон жер деп баалашат.
"Кызыл-Суулар кыргызстандын аймагында көп кездешет. Мисалы, Чоң-Алайда Тажикстанды карай аккан Кызыл-Суу бар. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда чоң, кичине Кызыл-Суу деген суулар бар. Чүйдөгү Красная Речка айылын да алсак болот. Республиканын башка аймактарында да майда кызыл суулар көп кездешет. Булардын баары суу аккан жердеги тоо тектерине байланыштуу аталып калган. Тактап айтканда, ал жердин топурагында жошо кеңири учурайт. Жошо — бул табигый боек. Аны менен мурда көчмөн кыргыздар мал жандыгына мөөр басышкан. Окумуштуулар жошо тегинин пайда болушун палеоген доору менен байланыштырып келишет. Ал доордо климат ысык болгондуктан темир кенин дат басып, ал топурак менен реакцияга келип жошо тегинин пайда болгонун белгилешет. Андыктан кайсы жерде Кызы-Суу аталышындагы суулар, жерлер болсо алардын минералдык тектери окшош экенин билдирет", — деди Эшенгулов.
Ал ошондой эле Кызыл-Жар, Жошолу, Кызыл сыяктуу аталыштагы жер аттары да ушул текке байланыштуу коюлганын кошумчалады.