БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 1,11 чакырымы макулдашылганын Министрлер кабинети маалымдады.
Билдирмеге ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Ал 11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Бустон шаарында болуп, жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлган.
"Тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы боюнча макулдашышты. Жумушчу топтор Кыргыз Республикасында өтөтурган кийинки жыйында калган аймактар боюнча ишти улантат", — деп айтылат маалыматта.