Көөнө Сөз

Манасчы "капыя" деген сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Манаста "капыя" деген көөнө сөз кездешет. Ал тымызын, билгизбей жасоо, сырдуу, жашыруун, кокустан дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
"Бул жолу "Манас" эпосундагы "капыя" деген көөнө сөздү чечмелейбиз. Ал тымызын, билгизбей жасоо, сырдуу, жашыруун, кокустан деген төрт-беш маанини билдирет. Сагынбай Орозбаковдун вариантында Манас Каныкейге үйлөнгөнү Букарга барган окуяда чоролорду, кыз-келиндерди, аксакалдарды коноктойбуз деп ошол жердегилер бөлүп кетет. Тоскон тарап дасторконун толтуруп, ыр-күү менен өзгөчө той шаанисин кылат. Ошол кезде болочоктогу күйөө балага өзүнчө ордо тургузуп, Манасты киргизген. Ошол жерде кызмат кылгандардын башчысынын ысымы дагы Капыя деп айтылат. Ал ачкыч салган жерден Манасты көрүп сүрүнөн жан берген", — деди Талантбеков.
Ошондой эле Манаста көптөр биле бербеген кызыктар көп экенин кошумчалады.