Бишкектеги ипподромдун ордуна “Москва-сити” сымал борбор куруу пландалууда

Борбор калаадагы ипподром 1947-жылы курулган. 2020-жылы объект авариялык абалда деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкектеги ипподромдун ордуна "Москва-сити" же "Ташкент-сити" сыяктуу эл аралык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу Акылбек Жапаров калаа мэриясынын коллегиясында билдирди.
“Шаардыктар суктанган, коноктор көрүү үчүн барган архитектуралык ансамблдер керек. Курулуш компаниялары кутуча салып, чарчы метрлерди сатууга гана кызыгып калды. Кээ бир объектилердин таштанды челектерди койгонго оруну жок. Куруучулар бардык көйгөйдү бийликке калтырып коюп жатат. Мындай кылган болбойт. Быйыл автовокзалдарды дагы көчүрөбүз. Буга кеминде 25 миллион доллар керек. Каражат бөлүнүп жатат. Быйыл мындан тышкары, 50 миллион долларлык футбол стадионунун курулушун баштайбыз. Мэрияга таштанды өрттөгөн завод курууга жардам берүү ниетибиз бар. Быйыл Бишкекте ири объектилердин курулушу башталат. Кудай буюрса 1-2 жылда же жыл соңуна чейин бүтүрөбүз”, – деди Жапаров.
Борбор калаадагы ипподром 1947-жылы курулган. Анда ат оюндары өткөрүлүп келген. 2020-жылы объект авариялык абалда деп табылып, бийлик жаңы арена кура турган инвестор издей баштаган. Өткөн жылдын март айында президент Садыр Жапаров ипподромду көчүрүү маселесин карап чыгууну тапшырган.
Улакчылар үчүн 210 гектар жерге заманбап ат майдан курулат