Акылбек Жапаров азык-түлүктүн баасын кармап туруу планын бекитти

Максаты – азык-түлүк товарларынын баасынын өсүүсүн ооздуктоо, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети бул жылга карата социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларынын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планын бекитти. Маалыматты өкмөттөн билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
"Тескеменин максаты – министрлер кабинетинин социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин ооздуктоо, баанын өсүшүн токтотуп туруу, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү. Ошондой эле бул жылда социалдык маанилүү товарлардын ата мекендик өндүрүшүн колдоо болуп саналат", — дешти өкмөттөн.
Анда кошумчалангандай, министрлер кабинети буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга кошумча нарк салыгын жоюу, айрым товарларды (жем, пияз, минералдык жер семирткич ж.б.) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу бааларды турукташтырууга өбөлгө түзгөн чараларды көргөн.
Радио
Орозбаев: ун менен нандын баасы жыл соңуна чейин туруктуу кармалат