БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы жумушка жооптуу кызматкерлерди чакырып жатканын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган ишканага жүк ташуучу унаалардын айдоочулары (бир жылдык тажрыйбасы бар) менен тазалагычтар талап кылынууда.
"Ишкананын көпчүлүк кызматкерлери эмгек акысын иштеген ишинин жыйынтыгына жараша алышат", — деп жазылат кабарда.
Толук маалымат алуу үчүн Ала-Арча, 74 а дарегине кайрылып же 0312 344 825 телефон номери боюнча байланышса болору айтылды.