Бишкекте "Тагай бий" спектаклинин премьерасы тартууланат. Убакыт-сааты

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкекте КР эл артисти Табылды Актановдун калемине таандык "Тагай бий" спектаклинин премьерасы тартууланат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Тарыхый драма 27-28-февралда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 18:00гө белгиленген. Режиссёру — КР эмгек сиңирген артисти Назым Меңдебаиров.
Спектакль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын колдоосу менен коюлары кошумчаланды.
Айтматов менен Шамшиевдин "балдары". "Эрте келген турналардагы" таберик сүрөт