Financial Times: РФтин аскер өнөр жайынын өсүү темпи НАТОнун тынчын алууда

Макалада аскердик индустрия 2023-жылы эле артиллерия үчүн миллиондогон снаряд жана жүздөгөн танк чыгарганын белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Россиянын аскер өнөр жайынын өсүү темпи НАТО мамлекеттеринин тынчын алууда. Бул тууралуу Financial Times жазды.
"Батыш саясатчыларынын кооптонуусунун бир себеби — Россиянын коргонуу өнөр жайынын кайра жаралуусу. Ал акыркы бир жыл ичинде Батыш боолголой албай тургандай өстү", — деп айтылат материалда.
Макалада Россиянын аскердик индустриясы 2023-жылы эле артиллерия үчүн миллиондогон снаряд жана жүздөгөн танк чыгарганы белгиленген. Ал эми НАТОнун келечеги Дональд Трамптын президенттикке келүү ыктымалдыгы жана анын альянсты таратуу боюнча айткандарынан улам бүдөмүк болуп турат.
Буга чейин Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен курган маегинде Москванын НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жок экенин билдирген. Анын айтымында, батыш саясатчылары ички көйгөйлөрүнөн элди алагды кылыш үчүн "Россия тараптан келип жаткан кооптуулук" менен коркутканды адатка айлантып алышкан. Бирок "акыл-эси ордунда болгон адамдар мунун баары фейк экенин жакшы түшүнүшөт".
ЖМК: Трамп шайлоодо жеңсе НАТО АКШсыз каларын талкуулап жатышат