Кыргызстанда 1-марттан баштап мүлктү каттоо онлайн-режимде жүргүзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 1-марттан баштап мүлктү каттоо онлайн-режимде жүргүзүлөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Пилоттук долбоор жыл соңуна чейин созулат. Аны ишке ашыруу милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин көзөмөлү менен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды.
Токтом санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, санариптик форматтагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынган.
Буга чейин биринчи этапта батирлер онлайн-каттоодон өтүп, сыналары айтылган. Анткени архивде толук санариптешкен документтер бар, жер тилкенин чек арасын макулдашуу талап кылынбайт.
Пресс-борбор
Мугалимдер үчүн "Санарип кампа" иштей баштайт. Министрлик чоо-жайы тууралуу